Чавушоглу : "Режимдин көзөмөлүндөгү жерлерге да сириялыктарды жиберүүнү каалайбыз"

Чавушоглу бир телеканалдын түз эфиринде күн тартиби боюнча  баа берди.

1991499
Чавушоглу : "Режимдин көзөмөлүндөгү жерлерге да сириялыктарды жиберүүнү каалайбыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиядагы сириялыктарды өз өлкөлөрүнө кайтарууда чечкиндүү экендиктерин билдирип : «Сириялыктарды бир гана коопсуз жерлерге эмес, режим көзөмөлдөгөн жерлерге да жиберүүнү каалайбыз, бул үчүн режим менен  байланыш түзө баштадык»,- деди.

Чавушоглу бир телеканалдын түз эфиринде күн тартиби боюнча  баа берди.

Түркияга жаңы мигранттардын келишин алдын алуу үчүн керектүү чараларды көргөндөрүн белгилеген Чавушоглу : «Идлибде жүз миң брикет үй куруп, ал жактан келген миграция кысымын алдына алдык. Бир жактан  Сирия менен Ирандын чек арасына дубал тургузуп, акылдуу камераларды орнотуп, мигранттардын кирүүсүнө бөгөт койдук. Өзгөчө  чек арабыздын башка тарабында орун алуубуз  да миграция кысымын азайтты»,- деди.

Чавушоглу 553 миң сириялыктын Түркия террордон тазалаган Сириянын түндүгүндөгү аймактарына кайтарылганын жана бул процессти пландын алкагында уланта тургандарын белгиледи. Россиянын борбор шаары Моквада Түркя, Россия, Иран жана Дамаск башкаруусунун ортосунда болгон тышкы иштер министрлеринин төрттүк жыйынынын негизги күн тартип  беренелеринин биринин да сириялык мигранттрадын өлкөлөрүнө кайтуулары болгондугун айткан Чавушоглу БУУ жана эл аралык коомчулуктун да колдоосун алып, Сирия башкаруусу көзөмөлгө алган  жерлерге Түркиядагы сириялыктардын кайтуулары үчүн түзүлө турган жол картасын турмушка ашырышарын билдирди.



Тектеш кабарлар