Түркия Көгүлтүр желек боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат

Эл аралык Көгүлтүр желек жюриси 2023 -  жыл Көгүлтүр желек сыйлыктарын билдирди.

1990312
Түркия Көгүлтүр желек боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат

Түркия Көгүлтүр желек боюнча бул жылы да дүйнөдө үчүнчү орунду алды.

Эл аралык Көгүлтүр желек жюриси 2023 -  жыл Көгүлтүр желек сыйлыктарын билдирди.

Борбору Даниянын борбор шаары Копенгаген болгон Эл аралык экологиялык билим берүү фонду  тарабынан билдирилген Көгүлтүр желек тизмесинде Түркия пляж саны менен дүйнөдө үчүнчү орунду алды.

Түркиядагы  551  пляж, 23 яхта, 14 туризм кемеси жана 10 жеке яхтада Көгүлтүр желек желбирейт.

Көк желектүү өлкөлөрдүн ичинен Испания биринчи, Греция экинчи орунду алды. Үчүнчү орунду алган  Түркиядан кийин Италия жана Франция келди.

Түркияда эң көп Көгүлтүр желек  алган пляждар жана туризм кемелеринин арасында Анталья биринчи орунда турат. Антальядагы 231 пляж, 5 яхта жана 14 туристтик кеме Көгүлтү желектин ээси.

Мугла болсо Түркиянын эң көп Көгүлтүр желек алган яхтасын алган туризм шаары. Мугла 110 пляж, 7 яхта жана 4 жеке яхтада желбиреген Көгүлтүр желек менен тизмеде экинчи орунда турат.

Измир 63 пляж, 4 яхта менен үчүнчү орунда, Балыкесир  46 пляж, 1 яхта менен бешинчи орунда.

Бул облустардан кийин кезеги менен Самсун, Чанаккале, Мерисн, Кожаели, Текирдаг, Бартын, Кыркларели, Орду, Бурса, Зонгулдак, Стамбул, Сакария, Дүзже, Ван, Эдирне жана Ялова турат.



Тектеш кабарлар