Улуттук коргоо министрлиги 19 - Майга карата видеолуу билдирүү жарыялады

Видеодо улуттук күрөш мезгили менен түрк армиясынын бүгүнкү күнүн сүрөттөгөн кадрлар орун алды.

1988425
Улуттук коргоо министрлиги 19 -  Майга карата видеолуу билдирүү жарыялады

Улуттук коргоо министрлиги 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы тууралуу бөлүштү.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген видео билдирүүдө Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн : "Бардык үмүтүм жаштарда",-деген сөзүнүн астында : "Убада бердик көп иштегенге, убада бердик мекенди коргоого, убада бердик Ататүрккө. Башкы командирибиз Гази Мустафа Кемал Ататүрк башта болгон Улуттук боштондук күрөштүн баатырларына, шейиттерибизге жана ардагерлерибизге Аллахтын ырайымын тилеп, урмат  - сый менен эскеребиз",- деп билдирилди. 

Улуу жол башчы Ататүрк: “Жаштар, өлкөнүн  үмүтү жана келечеги сиздерге, жаш муундардын түшүнүгүнө жана энергиясына байланыштуу”,- деген сөздөрү башталган, Аныткабырдын көрүнүшү жана   «19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен» деген сөздөр менен аяктаган видеодо улуттук күрөш мезгили менен түрк армиясынын бүгүнкү күнүн сүрөттөгөн кадрлар орун алды.

 



Тектеш кабарлар