"Charlie Hebdo" журналына каршылык

Charlie Hebdoнун провокация кылып жатканына көңүл бурулду.

1987615
"Charlie Hebdo" журналына каршылык
ibrahim-kalin-aa-1763476_2.jpg
fahrettin altun.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Мухаммед Пайгамбарга акаарат келтирген басылмалары менен белгилүү француз журналы Charlie Hebdoнун акыркы санында президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алышына каршылык көрсөттү.

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан: «Адамзатты сыйлабаган Charlie Hebdo түрк улутуна акаарат келтирүүнү улантууда. Унутпайлы! Алар жамандыкты макташат, ар дайым өздөрүнүн жек көрүү жана бузукулугунан жапа чегишет»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да, президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган Франциянын Charlie Hebdo журналынына реакция кылды.

Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Алтун президент Эрдоганды бутага алган мукабасын жарыялаган француз журналы Charlie Hebdoнун провокация кылып жатканына көңүл бурду.

Эрдогандын 14-майдагы президенттик шайлоодогу ийгилигинен кийин жарыяланган карикатурага адамгерчиликсиз деп сереп салган Алтун: «Биз бул адеп-ахлаксыздыкты катуу айыптайбыз жана алардын үмүтсүздүктөн айласы кеткенине боор ооруп карайбыз»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Charlie Hebdo журналын «тряпка» деп сыпаттады.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасына көңүл бурган Калын, түрк улутунун эң жакшы жоопту 28-майда катуу үн менен бере турганын баса белгиледи.

Журналдын бүгүнкү санынын мукабасында президент Эрдоган бутага алынып: «Бизди андан тагдыр гана куткарат» деп жазылган.


Этикеткалар: #Charlie Hebdo журналынын

Тектеш кабарлар