Тышкы иштер министри Чавушоглу Греция менен карым - катнаштарга баа берди

Министр Чавушоглу телекөрсөтүү программасында күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берди.

1985968
Тышкы иштер министри Чавушоглу Греция менен карым  - катнаштарга баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Греция менен карым-катнаштарда оң атмосферанын өкүм сүрө баштаганын белгиледи.

Министр Чавушоглу телекөрсөтүү программасында күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берди.

Чавушоглу Греция менен карым-катнаштарга токтолуп : "Греция менен арабызда абдан олуттуу пикир келишпестиктер бар”,-деди. 

Чавушоглу Эгей деңизиндеги куралсыздандырылган аралдардын статусунун бузулушу, аймактык суулар жана деңиз юрисдикциясына тиешелүү маселелердин артыкчылыктуулугуна көңүлдөрдү бурду.

"Булар чечилгенге чейин ар кандай учурда чыңалуу болушу мүмкүн",- деген министр  Чавушоглу : "Грек православ чиркөөсүнө  көрсөткөн урмат  - сыйды грек бийликтери Батыш Фракиядагы түрктөргө да  көрсөтүшү керек»,- деди. 

Чавушоглу 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Греция менен карым - катнаштардын оң  атмосферада бара жаткандыгын  белгиледи.



Тектеш кабарлар