Чавушоглу: «Террорго каршы операциялар уланат»

Мевлүт Чавушоглу Антальяда жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине баа берди.

1984016
Чавушоглу: «Террорго каршы операциялар уланат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын террор буталарына каршы операцияларын уланта турганын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Антальяда жеке менчик бир телеканалдын түз эфиринде күн тартибине баа берди.

Чавушоглу Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүн эң көп колдогон өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

Түркиянын террор буталарына карата операцияларына көңүл бурган Чавушоглу: «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) же башка өлкө бул террористтерди куткара албайт. Биз аларды бутага алууну улантабыз. Бул биз үчүн мыйзамдуу бутага жана алардын террордук мамлекет же коридор түзүшүнө жол бербейбиз. Бул Иракка да, Сирияга  да тиешелүү»,-деди.

АКШнын Сириядагы планынын алгач коридор түзүү, мунайзатты ошол коридор аркылуу деңизге жеткирүү жана андан кийин эл аралык базарларга алып чыгуу экенин белгилеген Тышкы иштер министри: «ПКК/ЙПГнын күн тартиби Сириянын түндүк-чыгыш аймагын Сириядан бөлүү. Мүмкүнчүлүк болсо ошол коридорду түзүүнү каалашат, бирок мунун мүмкүн эмес экенин көрүп жатышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар