Чавушоглу: «Европага газ берүүнү баштадык»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Антальяда билдирүү жасады.

1983937
Чавушоглу: «Европага газ берүүнү баштадык»

Түркия Европага жаратылыш газын бере баштады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Антальяда билдирүү жасады.

Түркиянын газ соодасында маанилүү өлкөгө айланганын баса белгилеген Чавушоглу: «Европага, өзгөчө Чыгыш Европа, Түштүк-Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрүнө жаратылыш газын бере баштадык»,-деди.

Азербайжандан келген Транс-Анадолу жаратылыш газ куурунун (ТАНАП) кубаттуулугун 16 миллиарддан 32 миллиард куб метрге эки эсеге көбөйтүүнү максат кылгандарын билдирген Чавушоглу: «Бул 5-6 жылга созулат. 5 даана суюлтулган жаратылыш газ (СТГ) терминалыбыз бар. Америка, Оман менен да келишим түздүк. Алжирден, Нигериядан жана 15 башка өлкөдөн танкер менен LNG алып келебиз. Биз аны терминалдарда газга айландырып, түтүк жолу менен газдын соодасын, экспортун баштадык»,-деп айтты.

Чавушоглу Түркиянын газ соодасында азыртадан эле маанилүү өлкөгө айланганын белгиледи.



Тектеш кабарлар