Мевлүт Чавушглу Сирия тууралуу тышкы иштер министрлеринин жыйыны боюнча билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия, Россия, Иран жана Сириядагы Асад режиминин арасында Россиянын борбор шаары Москвада тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде  боло турган жыйын үчүн 10 -  майдын белгиленгендигин айтты.

1983312
Мевлүт Чавушглу Сирия тууралуу тышкы иштер министрлеринин жыйыны боюнча билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия, Россия, Иран жана Сириядагы Асад режиминин арасында Россиянын борбор шаары Москвада тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде  боло турган жыйын үчүн 10 -  майдын белгиленгендигин билдирди.

Бир телекөрсөтүү каналынын түз эфиринде Сирия тууралуу абалдарга токтолгон Чавушоглу жыйынга бир гана Ирандан кимдин катышары тактала электигин, Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдулахияндын Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен Африка туруна чыгышы мүмкүн экендигин, башка бир жетекчинин Москвага барарын билдирди.

Арап дүйнөсүнүн Асад режими менен карым  - катнашынын жер которгон сириялыктардын өлкөлөрүнө кайтуулары үчүн маанилүү экендигин белгилеген Чавушоглу ушуга карабастан көпчүлүк өлкөнүн Асад режиминин Арап лигасына эч нерсе болбогондой кайра кайтуусуна ачык чек берүүнү каалабагандыгын айтты.

Чавушоглу сөзүн төмөнкүчө улантты : «Саясий процесс тууралуу режимдин да кадам ташташын каалап жатышат. Сирияны бириктирүүнүн жолу бул. Антпесе ЙПГ/ПКК террордук уюму дагы да күчтөнөт. Машыгып жатышат, курал алышууда. Муну союздашыбыз АКШ берип жатат. Алдыда баш  - аламан бир абал ортого чыгат».

Асад режиминин саясаттарына көңүл бурган Чавушоглу : "Сирия башкаруусу бул суроого так жооп бериши керек. Аскердик чечимге дагы эле ишенесиңби же саясий чечим болушу мүмкүнбү? Бул экөөнүн ортосунда ортолук жол жок. Аскердик чечим мүмкүн эмес. Эгер башкаруу саясий позицияны жактаган чечим чыгара турган болсо ыктымалдуулук жогорулайт. Жок, мен эмне болсо болсун  баары менен согушууну улантам дей турган болсо, ондогон жыл керек. Анан Сириянын бөлүнүү коркунучу бар, элдин миграцияга кетүү коркунучу жогору анткени ички экономикалык абал жакшы эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар