TCG Anadolu бул ирет Измирде...
Түрк куралдуу күчтөрүнүн эң чоң согуштук кемеси, Алсанжак портуна токтоду.
1982182
Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат конуучу кемеси TCG Anadolu бул ирет Измирде эл назарына ачылды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн эң чоң согуштук кемеси, Алсанжак портуна токтоду.
TCG Anadolu эшиктерин көргүсү келгендерге ачты.
Жарандар Түркиянын алгачкы учкучсуз согуштук учагы Байрактар Кызылелманы жана канаттары бүктөлүүчү Байрактар TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты жакындан көрүштү.
Бир канча күн мурда Түрк куралдуу күчтөрүнө сыноо үчүн тапшырылган улуттук танкы Жаңы Алтай да жарандарга тааныштырылды.
Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат конуучу кемеси TCG Anadolu Стамбулда 140 миңден ашуун кишини кабыл алган.