THY менен airBaltic авиакомпаниясы код бөлүшүү келишимине кол коюшту

Түрк аба жолдорунун басма сөз кызматы билдиргендей, келишимдин алкагында эки авиакомпания тең Стамбул менен Рига ортосундагы түз каттамдарда берген кошумча жыштык менен жүргүнчүлөрүнө көбүрөөк саякат мүмкүнчүлүгүн сунуштоону максат кылууда.

1981830
THY менен  airBaltic авиакомпаниясы код бөлүшүү келишимине кол коюшту

Дүйнөнүн 343 жерине учкан Түрк аба жолдору (THY) менен Латвияда жайгашкан airBaltic авиакомпаниясы код бөлүшүү каттамдарын аткаруу үчүн «Кодшеринг» келишимине кол коюшту.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кызматы билдиргендей, келишимдин алкагында эки авиакомпания тең Стамбул менен Рига ортосундагы түз каттамдарда берген кошумча жыштык менен жүргүнчүлөрүнө көбүрөөк саякат мүмкүнчүлүгүн сунуштоону максат кылууда.

Билдирүүдө көз караштары орун алган THYнин башкы директору Билал Экши, airBaltic менен болгон келишимден ыраазы экенин айтып: «Биз airBaltic менен түзгөн кодшеринг келишими эс алуучу жана бизнес саякатчыларыбызга пайда алып келе турганына кубанычтабыз. Биз Латвиядан келген конокторду тосуп алууну чыдамсыздык менен күтөбүз, ошол эле учурда Түркиядан укмуштуудай Рига шаарына саякатка чыгууга көмөктөшөбүз»,-деди.

АirBaltic компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору (CEO) Мартин Гаусс: «AirBaltic Түркиядагы жергиликтүү конокторго Европанын жана анын тышындагы көптөгөн жерлерге баруу мүмкүнчүлүгүн берет. Биз ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз»,-деп өз баасын берди.

«Кодшеринг»  келишими менен THY жана airBaltic бири-биринин Стамбул-Рига каттамдарына өз номурларын коюп конокторуна ийкемдүү саякат мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.

Мындан тышкары, келишим аркылуу жүргүнчүлөргө үзгүлтүксүз байланыш сунушталгандыктан, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчү агымын арттыруу максатталган.



Тектеш кабарлар