Эрдогандын 1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнө карата куттуктоосу

Президент Эрдоган жумушчуларды 1-Май Эмгек жана тилектештик майрамы менен куттуктады.

1981307
Эрдогандын 1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнө карата куттуктоосу
erdogan 1 mayis paylasim.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнө карата жарыялаган куттуктоосунда: «Түркия кылымын сиздер менен бирге курабыз»,-деди.

Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, капитан катары жан баккан ардагер атанын уулу экенин эске салды.

Жаш кезинде Стамбулда жумушчу болуп иштегенин белгилеген Эрдоган: «Эмгектин, тер төгүүнүн, достор менен ысык бөлкөнү бөлүшүүнүн кубанычын абдан жакшы билем. Мекенибизге саясат аркылуу кызмат кылуу аракетибизде ушул тамырыбызды, кайдан келгенибизди эч качан унуткан жокпуз. Биз ар дайым сиздердин укугуңузду камсыз кылууга аракет кылдык. Жылдар бою уруксат берилбеген 1-Майды сиздер үчүн майрам деп жарыяладык, чыныгы эмгек майрамын ишке ашырдык»,-деди.

Уюштуруучулук, профсоюздук укуктар жана айлык акылар менен катар жумушчулардын ден соолугу жана коопсуздугу жагынан да абдан маанилүү кадамдарды таштагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Эмне кылсак дагы чогуу жасадык, бирге ийгиликке жеттик, кыйынчылыктарды бирге жеңдик. Буюрса Түркия кылымын да сиздер менен бирге курабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган эмгекчилерди 1-Май Эмгек жана тилектештик майрамы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар