1-май ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө

Жумушчу профсоюздары Стамбулдун Таксим шаарындагы Республика эстелигине гүлчамбар коюшту.

1981376
1-май ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө
1 mayis.jpg
1 mayis disk.jpg
1 mayis hak-is.jpg

1-май Эмгек жана тилектештик күнү өлкө боюнча ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

Борбор шаар Анкара жана Стамбул баш болгон өлкөнүн бардык жеринде 1-май Эмгек жана тилектештик күнү үчүн митингдер өткөрүлдү.

Жумушчу профсоюздары HAK-İŞ, Түрк революциячыл профсоюздар конфедерациясы (DİSK) жана Түрк профсоюздар конфедерациясынын (Түрк-Иш) өкүлдөрү менен мүчөлөрү Стамбулдун Таксим шаарындагы Республика эстелигине гүлчамбар коюшту.

Билдирүүлөрдө, бардык жумушчуларды жана жамааттык келишим тартибин коргой турган, кызматкерлердин үй-бүлөлөрү менен адамкерчиликтүү жашоосуна шарт түзө турган эмгек акы төлөөнүн түзүлүүсү талап кылынды.

Коллективдүү подряддын чөйрөсүн кеңейтүү, профсоюздардын укуктарын жана эркиндиктерин мындан ары да жайылтуу сунуш кылынды.

Алар эмгекчилердин укуктары үчүн күрөштү уланта тургандыктарын жана ушул кезге чейин жетишилген жеңиштерден баш тартпай тургандыктарын билдиришти.



Тектеш кабарлар