ТРТнын башкы директору Собажы TEKNOFESTке барды

Захид Собажы TEKNOFESTтин Түркиянын толук көз карандысыздыкка болгон эркин жана чечкиндүүлүгүн чагылдырган эң маанилүү иш-чаралардын бири экенин түшүндүрдү.

1981160
ТРТнын башкы директору Собажы TEKNOFESTке барды

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы ТРТ катары космос, авиация жана технология фестивалы TEKNOFESTке ар тараптан колдоо көрсөтүүнү улантканын айтты.

Дүйнөнүн эң чоң космос, авиация жана технология фестивалы Стамбул TEKNOFEST- 2023тө Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы ТРТ да медиа жана байланыш өнөктөшү катары ордун алды.

Фестивалдын аянтына барган ТРТнын башкы директору Собажы, ТРТ катары TEKNOFESTке колдоолорунун көп жагынан уланып жатканын маалымдады.

Захид Собажы TEKNOFESTтин Түркиянын толук көз карандысыздыкка болгон эркин жана чечкиндүүлүгүн чагылдырган эң маанилүү иш-чаралардын бири экенин түшүндүрдү.

Собажы ТРТнын да коомдук телеканал катары бул маанилүүлүктү экрандарына чагылдырууну уланта турганын билдирди.



Тектеш кабарлар