Гросси: "Аккую Түркия үчүн көп жылдар бою таза атомдук энергияны өндүрөт"

Аккую станциясынын биринчи атомдук отун жеткирүү аземинде Гросси, Түркиянын экономикалык өнүгүүсүндө жаңы баскычка киргенин белгиледи.

1980498
Гросси: "Аккую Түркия үчүн көп жылдар бою таза атомдук энергияны өндүрөт"

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Рафаэль Мариано Гросси, Аккую атомдук станциясынын (NGS) Түркия үчүн көп жылдар бою таза атомдук энергияны өндүрө турганын айтты.

Кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин түз байланыш аркылуу катышкан Аккую станциясынын биринчи өзөктүк отун жеткирүү аземинде Гросси, Түркиянын экономикалык өнүгүүсүндө бүгүн жаңы баскычка киргенин, өлкөнүн атомдук энергияга тынчтыкчыл жол менен ээ болгонун белгиледи.

Гросси глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшүнүн доорунун өтүп жатканын билдирип: «Атомдук энергия, таза энергия булагы катары бул объектте абдан маанилүү өнүгүүлөр болот жана өлкөнү таза энергиянын 10 пайыздан ашыгын камсыздайт. Кандай маанилүү өзгөчөлүк, кыска убакыттын ичинде бул өлкө үчүн кандай чоң жетишкендик»,- деди.

Гросси Аккую станциясынын Түркияга көп жылдар бою кызмат кыла турганын айтып: «Атомдук энергия ар дайым жакшылыкка кызмат кылышы керек. Атомдук обьектерден жакшы нерселер гана чыгышы керек»,-деп билдирди.

Атомдук энергиянын маанисине токтолгон Гросси: «Бул Республика быйыл 100 жылдыгын белгилеп жатат жана 100 жылдан кийин да Аккую өлкө үчүн таза атомдук энергияны өндүрүүнү уланткан болот. Процесстин ар бир кадамында Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттикке ишене аласыздар»,-деди.



Тектеш кабарлар