Түркия Арменияны айыптады

Армениянын борбор шаары Ереванда ачылган «Немесис эстелиги» тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

1980216
Түркия Арменияны айыптады

Түркия, Арменияда Осмон империясынын саясий жана аскерий лидерлери менен азербайжандык жетекчилерге каршы уюштурулган кол салуулардын кылмышкерлерине арналган эстеликтин ачылышын катуу айыптады.

Армениянын борбор шаары Ереванда ачылган «Немесис эстелиги» тууралуу Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

«1920-жылдардын башында Осмон империясынын саясий жана аскерий жетекчилерине, ошол кездеги азербайжандык кызматкерлерге, атүгүл армян тектүү кээ бир Осмон мамлекетинин атуулдарына карата кол салуулардын күнөөкөрлөрүнө арналган «Немесис эстелигинин» Ереванда ачылышын катуу айыптайбыз» деп кабарланган билдирүүдө, бул эстеликтин ачылышынын 31 дипломат жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон кандуу террордук актыны даңазалоо экени баса белгиленди.

Билдирүүдө, бул окуянын армян басма сөзүндө чагылдырылышынын да кээ бир көз-караштарда тарыхтын бурмаланган жоромолдорунун дагы деле уланып жатканын көрсөткөнүнө басым жасалып, төмөнкүлөр айтылды:

«Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессинин рухуна туура келбеген мындай провокациялык кадамдар аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу аракеттерине эч кандай салым кошпойт, тескерисинче нормалдашуу процессине терс таасирин тийгизет».



Тектеш кабарлар