УКМдан 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүү
Министрлик соцтармактагы баракчасынан билдирүү жасады.
1978773
Улуттук Коргоо министрлиги, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу түрк улутуна жалаа жабууга аракет кылгандарды катуу айыптады.
Министрликтин соцтармактагы билдирүүсүндө: «Улуттук жана чет элдик архивдерге караганда армян террордук уюмдары 1915-жылы миңдеген түрктөрдү кары-картаң, аял-балага карабай мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Тарыхый документтер менен бардык фактылар ачык-айкын болуп турса дагы улутубузга жалаа жабууга аракет кылгандарды катуу айыптайбыз жана армян террористтери тарабынан кыргынга учураган түрктөргө Аллахтан ырайым тилейбиз»,-деген сөздөр камтылды.