Шентоп 23-Апрелге карата билдирүү жарыялады

Шентоп, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 103 жылдыгы, 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам билдирүү жарыялады.

1978199
Шентоп 23-Апрелге карата билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Осмон доорунан жаш Түркияга айланган тарыхта Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышы улуттун эркинин чагылдырылышы дегенди билдирген чоң өзгөрүүнүн башталышы болгонун белгиледи.

Шентоп, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 103 жылдыгы, 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамынан улам билдирүү жарыялады.

Шентоп Түркия Республикасынын тарыхынын жаңы жана эң маанилүү башталгыч пункттарынын бири болгон Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылыш күнүн балдарга тартуулаган уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди жана дүйнөдөгү балдардын жалгыз майрамы болгон 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы менен куттуктады.

Жаркын Түркиянын келечегинин кепилдиги болгон балдарга арналган 1920-жылдын 23-апрелинин өлкөнүн улуу тарыхынын эң маанилүү этаптарынын бири, чоң өзгөрүү күнү экенин белгилеген Шентоп: «Осмон доорунан жаш Түркияга айланган тарыхта Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышы улуттун эркинин чагылдырылышы дегенди билдирген чоң өзгөрүүнүн башталышы»,-деп айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп, 103 жылды артка калтырган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын биринчи төрагасы Гази Мустафа Кемал баш болгон улуу күрөштөгү жолдошторун жана Биринчи Парламенттин депутаттарын ырайым жана урмат менен эскергенин белгилеп: «Бизге ишенип тапшырган Түркия Республикасы балдарыбыздын жана жаштарыбыздын ийининде мындан ары да көтөрүлө берет. 23-Апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар майрамы куттуу болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар