Түркия Ганнушинин камакка алынышына каршы чыгууда

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, коомдун түрдүү катмарын өкүлдүк кылган саясатчыларга багытталган мындай чаралардын Тунистин коомдук тынчтыгына пайда алып келбей турганы баса белгиленди.

1977640
Түркия Ганнушинин камакка алынышына каршы чыгууда

Түркия Тунистеги Нахда партиясынын лидери жана Эл өкүлдөр палатасынын мурдагы төрагасы Рашид ал-Ганнушинин камакка алынышына тынчсыздануусун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, коомдун түрдүү катмарын өкүлдүк кылган саясатчыларга багытталган мындай чаралардын Тунистин коомдук тынчтыгына пайда алып келбей турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Тунистеги демократиялык өткөөл процесс коомдун бардык катмарын камтыган кеңири консенсустун негизинде ишке ашса ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Түркия ушул кезге чейин болгонундай алдыдагы мезгилде да дос жана боордош Тунистин тынчтыгына, гүлдөп-өсүшүнө жана жыргалчылыгына салым кошууну улантат»,делди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Рашид аль-Ганнушинин камалышын тынчсыздануу менен байкап жатышканын айтты.

Шентоп Твиттердеги баракчасында төмөнкүлөрдү бөлүштү: «Саясий күрөш саясатчылардын ортосунда жана саясий ыкмалар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Биз Тунисте демократия жана адам укуктары үчүн күрөштүн маанилүү фигурасы, парламенттин мурдагы спикери жана Нахда партиясынын лидери Рашид ал-Ганнушинин кармалышын жана акыры камакка алынышын абдан тынчсыздануу менен байкап жатабыз. Дос жана боордош Тунис калкынын конституцияга жана мыйзамдарга да туура келбеген бул жаңылыштыктан кайтып келет деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Тунисте Рашид аль-Ганнушинин камакка алынышын «демократиялык процесстерге сокку урган кооптондуруучу окуя» деп мүнөздөдү.

Калын, бул чечимдин дос жана боордош Тунистин тынчтыгына, бейпилдигине жана ырааттуулугуна салым кошо албасын ойлогондорун белгилеп: «Чечимди карап чыгуу менен камтыган саясий чөйрөнүн түзүлүшү коомдук тынчтык жана саясий туруктуулук үчүн өзгөчө Айт майрамынын алдында өтө маанилүү деп эсептейбиз»,-деди.

Ганнуши 17-апрелде ооз ачар маалында үйүн тинтүү учурунда коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Ал 48 сааттык прокурордук сурактан кийин Тунистин биринчи инстанциядагы соту тарабынан камакка алынган.



Тектеш кабарлар