Эрдоган Рамазан майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган сөзүн Орозо айт майрамынан улам жарыялаган видео кайрылуусунда жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап баштады.

1977629
Эрдоган Рамазан майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 6-февралда Кахраманмарашта болгон «кылымдын апаатынын» кесепеттерин мамлекет-улут ийиндешип кылымдын тилектештиги менен биргелешип жеңгендерин айтты.

Президент Эрдоган сөзүн Орозо айт майрамынан улам жарыялаган видео кайрылуусунда жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап баштады.

6-февралдагы жер титирөөдө каза болгондордун аза-кайгысынан улам быйылкы Рамазан маанайы пас тосуп алгандарын белгилеген Эрдоган, жер титирөө жана селден каза болгон 50 миңден ашуун адамдын ар бирине Аллахтан ырайым, алардын туугандарына сабыр тиледи.

Бул куттуу күндөрдө жер титирөөдөн аман калгандарды жалгыз калтырбагандарын, шайлоонун күн тартибинин, башка мамлекеттик иштердин жана күнүмдүк турмуштун түйшүктөрүнүн жер титирөө болгон аймакты унуттуруусуна жол беришпегенин белгилеген Эрдоган: «Кылымдын апаатынын кесепеттерин кол кармашып, ийиндешип, мамлекет жана улут болуп кылымдын тилештештиги менен жоюп жатабыз. Бүгүнкү күндө таштандылардын көбү чыгарылды. 100 миңден ашык жер титирөөгө чыдамдуу турак-жайлардын жана айыл үйлөрүнүн курулушу башталды. Алардын 50 миңге жакынынын пайдубалы түптөлдү. Урандылар чогултулуп жаңы курулуштар башталган сайын жер титирөө болгон аймактагы үмүттөр күчтөнүп баратат»,-деп айтты.

Эрдоган курман болгондорду кайтаруу мүмкүн болбосо да, жер титирөөдөн жабыркагандарды мүмкүн болушунча тезирээк жаңы үйлөрүнө кайтарууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар