AnadoluJetтин Анкара - Ташкент сапары

AnadoluJetтин Анкарадан Өзбекстанга биринчи пландалган рейси жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:10до Ташкент аэропортуна конду.

1976442
AnadoluJetтин Анкара  - Ташкент сапары

Түрк аба жолдорунун суб бренди болгон AnadoluJetтин Анкара-Ташкент каттамын жасаган алгачкы учагы Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте азем менен тосуп алынды.

AnadoluJetтин Анкарадан Өзбекстанга биринчи пландалган рейси жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:10до Ташкент аэропортуна конду.

Өзбекстандын жарандык авиациясынын башкы директору Тахир Назаров, Ташкент элчиси Олган Бекар жана түрк аба жолдорунун Ташкент кеңсесинин директору Селим Кахрыман учактын тепкичинин алдындагы лентаны кесип, алгачкы жүргүнчүлөрдү тосуп алышты.

Басма сөзгө билдирүү жасаган элчи Бекар Анкара менен Ташкенттин ортосундагы каттамдардын биринчи жолу ишке ашырылып жатканын жана жумасына бир жолу каттам болорун белгилеп, келечекте өзбек авиакомпаниясынын  каттамдарын баштоосун күткөндөрүн айтты.

Бекар учурда  эки өлкөнүн  аба жолу фирмалары тарабынан Стамбул менен Ташкент, Фергана, Ургенч, Самарканд жана Бухара шаарларынын ортосунда пландалган каттамдардын аткарылып жатканын айтып, AnadoluJet уюштурган Анкара-Ташкент учак каттамдары менен эки өлкөнүн ортосунда жумалык аткарылган каттам саны 61 ге жеткендигин белгиледи. 



Тектеш кабарлар