УКМ: «ПКК/ЙПГге эселентип жооп кайтарылууда

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) террордук уюм ПКК/ЙПГнын Зайтун бутагы жана Евфрат калканы база аймактарына кол салганын жарыялады.

1975791
УКМ: «ПКК/ЙПГге эселентип жооп кайтарылууда

Террордук уюм ПКК/ЙПГ террористтеринин Сириянын түндүгүндөгү кол салууларында 4 аскер жараланып, террористтерге эселентип жооп кайтарылды.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) террордук уюм ПКК/ЙПГнын Зайтун бутагы жана Евфрат калканы база аймактарына кол салганын жарыялады. Кол салууда 4 аскердин жараланганы билдирилди.

Министрликтин билдирүүсүндө,«Террор уюму ПКК/ЙПГ Рамазан айында да Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы жана Евфрат калканы аймактарындагы база аймактарыбызга бир убакта миномет жана көп стволдуу ракета атуулары менен кол салды. Кол салууда 4 аскерибиз жаракат алды. Килис мамлекеттик ооруканасына жеткирилди. Белгиленген буталарга дароо күчтүү түрдө эселентип жооп кайтарылып террористтер жок кылынууда»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар