Чавушоглу Антальяда Дүйнөлүк Ахыска Түрктөр коому уюштурган ифтар программасына катышты

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн кайсы жерине барбасын тектештери, жакындары, чет өлкөдө жашаган жарандары, Ахыска түрктөрү менен бирге экенин белгиледи.

1975830
Чавушоглу Антальяда Дүйнөлүк Ахыска Түрктөр коому уюштурган ифтар программасына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиядагы 70 миң Ахыска түркүнө жарандык бергендерин жана учурда Түркияда жашаган бардык Ахыска түрктөрүнө жарандык бериле турганын билдирди.

Чавушоглу Антальяда Дүйнөлүк Ахыска Түрктөр коому уюштурган ифтар программасына катышты.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн кайсы жерине барбасын тектештери, жакындары, чет өлкөдө жашаган жарандары, Ахыска түрктөрү менен бирге экенин белгиледи.

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Ахыска түрктөрү, азербайжандар, Крым татарлары, казактар, түркмөндөр, кыргыздар, өзбектер, Балкандагы бардык достор Түркиядагы жер титирөөдөн кийин жапа тырмак жардам беришкенин айткан Чавушоглу жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын бардык шартта Ахыска түрктөрүнүн жанында экенин белгилеген Чавушоглу эпидемия учурунда Ахыска элине керектүү жардамды жөнөтүшкөндөрүн, Украина согушунда 6 миңге жакын Ахыска түрктөрүн Түркияга алып келишкендерин эске салды.

Ахыскалыктарды дүйнөнүн бардык жеринде коргоону уланта тургандарын белгилеген Чавушоглу: «Бүгүнкү күнгө чейин АКШда атуулдук алган Ахыска түрктөрүнө жарандык бере баштадык, миңден ашуун Ахыска түрктөрү жарандык алды. Түркиядагы 70 миң Ахыска түркүнө жарандык бердик, учурда Түркияда жүргөн бардык Ахыска түрктөрүнө жарандык беребиз. Биз ар дайым сиздер мененбиз. Сиз да бизди эч качан жалгыз калтырган жоксуз»,-деди.

Чавушоглу бүткүл дүйнөдөгү түрктөрдүн бири-бири менен бекем карым-катнашта болгонун жана мунун түрк дүйнөсүн дагы да күчтөндүрө турганын белгиледи.

Дүйнөлүк Ахыска Түрктөр Биримдигинин төрагасы Зиятдин Кассанов Түркиянын Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн улам чоң апаатты башынан өткөргөнүн белгилеп, дүйнөнүн төрт бурчунан түрктөрдүн мобилизацияланганын айтты.



Тектеш кабарлар