Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн бардык ири шаарларын ушундай оорукана шаарчалары менен жабдыйбыз»

Президент Эрдоган Кожаелидеги оорукана шаарчасынын жана башка бүткөрүлгөн долбоорлордун тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1975408
Эрдоган: «Биз өлкөбүздүн бардык ири шаарларын ушундай оорукана шаарчалары менен жабдыйбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны саламаттыкты сактоо тармагында өз жарандарына кызмат кылуу менен чектелбестен, дүйнөлүк бир тартуу борборуна айландыруу үчүн чечкиндүү экендиктерин айтты.

Президент Эрдоган Кожаелидеги оорукана шаарчасынын жана башка бүткөрүлгөн долбоорлордун тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Кожаели оорукана шаарчасынын бүт кызматкерлери менен эң сонун оорукана экенин баса белгилеген Эрдоган: «Буюрса биз өлкөбүздүн бардык ири шаарларын ушундай оорукана шаарчалары менен жабдыйбыз»,-деди.

Президент Эрдоган 1218 керебети, жер титирөө изоляторлору менен заманбап курулушу жана ар кандай шарты бар бөлүмдөрү менен Кожаели оорукана шаарчасы менен сыймыктанганын айтты.

Түркияны бир гана өз жарандарына кызмат кылуу менен чектелбестен, саламаттыкты сактоо тармагында глобалдык тартуу борборуна айландырууга чечкиндүү экендиктерин билдирген Эрдоган:«Бүгүнкү күндө дүйнөнүн кайсыл бурчунда жашабасын, биздин жарандар саламаттыкты сактоо тармагында өз өлкөсүн артык көрүшөт. Анын сыңарындай, чет элдиктердин да өлкөбүзгө болгон кызыгуусу артууда. Элибиз саламаттыкты сактоо тармагында түптөгөн үлгүлүү инфраструктуранын, биз жүргүзгөн системалык реформанын жана дагы да бекемдеп жаткан адам ресурстарыбыздын баалуулугун жакшы билет»,-деп айтты.

Борбордук банктын резервинин 100 миллиард доллардан ашканын баса белгилеген Эрдоган: «Борбордук банктын резерви менин премьер-министрлик кезимде бир жолу 135 миллиард доллардан ашкан. Эми ага кайра жетебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар