Чавушоглу: «Бир топ жердеги болоору болду деген бүтүмдөргө уруксат берген жокпуз»

Чавушоглу Антальядагы иш-чарада сөз сүйлөдү.

1975411
Чавушоглу: «Бир топ жердеги болоору болду деген бүтүмдөргө уруксат берген жокпуз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Эгей, Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Ливияда болоору болду деген бүтүмдөргө уруксат бербегендерин жана бербей турганын айтты.

Чавушоглу Антальядагы иш-чарада сөз сүйлөдү.

Чавушоглу Түркия кылымынын көрүнүшүнүн бир гана Түркиянын эмес, Түрк дүйнөсүнөн Балканга, Кавказдан Африкага чейин жакшы санаалаш бүткүл адамзаттын көз карашы экенин түшүндүрдү.

Цивилизациянын бассейни болгон Жер Ортолук деңизден алган илхам менен жүрөктөрдү бири-бири менен байланыштырышкандарын, глобалдык деңгээлде тынчтык жана бейпилдикке жол ачкандарын айткан Чавушоглу: «Украинадан Филиппинге, Ооганстандан Сомалиге чейин биз тынчтыкты түзүү үчүн ортомчулукка аракет кылып жатабыз»,- деди.

Чавушоглу экономика жана соода дипломатиясы менен ишкердикке жол ачып, Түркияны глобалдык энергетика картасынын борборуна айландырышкандарын айтты.

«Эгейде, Кипрде, Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Ливияда болоору болду деген бүтүмдөргө жол берген жокпуз жана уруксат бербейбиз»,-деп айткан Тышкы иштер министри: «Фетуллахчы террор уюмунан (ФЕТӨ) ДЕАШка, ПКК-ЙПГден Эш-Шабабга чейин жеринде террор менен күрөшкөн, Сирияда террор коридоруна бөгөт койгон бизбиз. Сириянын түндүк-чыгыш бөлүгүн террордон тазалап, артка кайтууларды камсыз кылган бизбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар