Акар Хасановго көңүл айтуу катын жөнөттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасановго армян элементтери менен болгон кагылышууда 3 азербайжандык аскердин шейит болушуна байланыштуу көңүл айтты.

1975349

Министрликтин жетекчилеринен алынган маалыматка караганда Акар 11-апрелде Азербайжан-Армения чек ара сызыгында армян элементтери менен болгон кагылышууда шейит болгон  Азербайжандын 3 аскери үчүн Хасановго көңүл айтуу катын жөнөттү.

"Кымбаттуу боордошум" деп башталган катта Азербайжан калкынын кайгысын чын жүрөктөн бөлүшкөндүгүн белгилеген Акар буларды айтты : "Түркия жана Азербайжан эки мамлекет бир улут түшүнүгү менен кайгыда, кубанычта бирдикте. Ушул күнгө чейин болгондой эле мындан кийин да боордошторубуз Азербайжан түркүнүн күрөшүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүз менен жанында болобуз. Шйиттерибизге Аллахтын ырайымын, жакындарынын, боордош Азербайжан калкынын жана коргоо министрлигинин кайгысын бөлүшүп, көңүл айтым".

Тектеш кабарлар