Эрдоган: "Кара деңиз жаратылыш газын 20-апрелде чыгарабыз"

Президент Эрдоган Стамбулда маалымат берди.

1975084
Эрдоган: "Кара деңиз жаратылыш газын 20-апрелде чыгарабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кара деңиз жаратылыш газын 20-апрелде чыгара тургандарын айтты.

Стамбулда маалымат берген президент Эрдоган Кара деңиздеги жаратылыш газ долбоору тууралуу: «Буйруса 20-апрелде жаратылыш газыбызды чыгарабыз. Учурда бардык пландар, эсептөөлөр ошого жараша жүрүп жатат»,- деди.

Эрдоган Түркиядагы оорукана шаарчалары тууралуу да маалымат берип: «Дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагында өздөрүн алдыңкымын деген өлкөлөрдүн ооруканалары менен ат салышуудабыз. Баары айтып жатат, эмне дейт "Кливленд..." Биздин оорукана шаарчаларыбыз Кливленддеги ооруканалардан ашып кетти.

Кийинки процессте да алгач чоң шааларыбызда бирден кеңейтүү менен бул оорукана шаарчаларыбызды улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар