Эрдоган Раиси менен сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө Түркия-Иран карым-катнаштары жана Израилдин Месжид-и Аксага кол салуулары баш болгон аймактык абалдар каралды.

1971623
Эрдоган Раиси менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Түркия-Иран карым-катнаштары жана Израилдин Месжид-и Аксага кол салуулары баш болгон аймактык абалдар каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Израилдин Палестинада, өзгөчө Месжид-и Аксада күчөгөн адамкерчиликсиз кол салууларына каршы Ислам дүйнөсүнүн биримдикте болушунун маанисине көңүл бурду.

Зордук-зомбулуктун жаңы чырмалышынын алдын алуу үчүн акыл-эстин үстөм болушу керектигин баса белгилеген Эрдоган, бардык тараптарды акыл-эске багыттай турган демилгелерди көтөрүүнүн пайдалуу болоорун айтты.

Ислам Кызматташтык Уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун ыйык жерлердин статусун эл аралык платформаларда сактап калуу аракеттерин биргелешип улантууга чакырган президент Эрдоган, бул биримдикти Европанын ар кайсы шаарларында, өзгөчө Түркия элчиликтеринин алдында акыркы кездерде болуп жаткан Куранды өрттөө кыймылдарына каршы да көрсөтүүнүн маанилүү экенин билдирди.



Тектеш кабарлар