Акар: «Армян маселеси тарыхый чындыктардан ажырап, саясий курал катары колдонулду»
Акар Анкара Билим университети тарабынан уюштурулган «1915-жылдагы армян окуяларына байланыштуу саясат текстин түзүү семинарында» сөз сүйлөдү.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, армян маселеси жүз жылдан ашуун убакыттан бери тарыхый чындыктардан ажырап, саясий курал катары колдонулуп жатканын айтты.
Акар Анкара Билим университети тарабынан уюштурулган «1915-жылдагы армян окуяларына байланыштуу саясат текстин түзүү семинарында» сөз сүйлөдү.
1915-жылдагы армян окуяларын ачыкка чыгаруу үчүн темага ар түрдүү көз караштан мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген Акар : «Маселенин эч кандай терс пикирлерге жол бербестен ачыкка чыгышында үчүнчү тараптардын архивдери жана мезгилге байланыштуу байкоолору да маанилүү роль ойнойт»,-деди.
Акар : «өзгөчө Америка Кошмо Штаттары, Англия, Франция жана Орусия сыяктуу чоң державалардын Осмон бийлигинин тушунда жашаган армяндарды өз кызыкчылыктарына ылайык провокация кылышы армян маселесинин келип чыгышына себеп болгон»,-деди.
Армян бандаларынын террордук аракеттерине карабастан бул кыймылдардын күнөөсүз жана эзилген катары көрсөтүлгөнүн белгилеген Акар : «Армяндардын бир жактуу пропагандасынын таасири менен Осмон дөөлөтүнүн терс портрети тартылып, ал эми армяндардын түрктөргө каршы кыргындары көрмөксөнгө салынды»,-деп айтты.
Түркиянын тарыхчыларга архивин ачканын эске салган Акар : «Армения да Түркия сыяктуу эл аралык масштабдагы архивдерин тарыхчыларга ачып, жыйынтыгына чыдап, тынчсызданбашы керек. Бирок бул сунушка азырынча жооп келе элек», - деди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.