Түркия АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен келишимге кол коюусун айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.

1968617
Түркия АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен келишимге кол коюусун айыптады

Түркия АКШнын Нью-Жерси штатынын Улуттук гвардиясынын Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен келишимге кол коюусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө,«Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун өткөн жылдын октябрь айында АКШнын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардия бюросунун Мамлекеттик өнөктөштүк программасына киргизилгенден кийин, бул жолу Нью-Жерси штатынын Улуттук гвардиясынын аталган программанын алкагында Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюусун айыптайбыз»,-деп айтылган.

Билдирүүдө ТКТРнын Тышкы иштер министрлигинин бул темага байланыштуу билдирүүсү колдоого алынганы белгиленип:«АКШ, 2022-жылы Рум башкаруусуна карата курал эмбаргосун алып салды жана Кипр аралында Кипр түрктөрүнө каршы тең салмактуулукту бузду. Бул акыркы кадамдар Рум тарапты куралга шыктандырууда.

Америка Кошмо Штаттарын эч кандай түрдө аймактын ырааттуулугуна кызмат кылбаган бул саясатты карап чыгууга жана Кипр маселесинин адилеттүү, ачык жана туруктуу чечилишине салым кошууга чакырабыз»,делди.

Билдирүүдө, негизги мекен жана кепил өлкө Түркия турган жерде Кипр түрктөрүнө эч качан даап бара албастыгынын чындыгын Кипрдин рум тарабынын түшүнүшүнө үмүт кылынганы белгиленип, Түркиянын Кипр түрк элинин коопсуздугун камсыз кылуучу ар кандай кадамдарды таштоону уланта турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар