Эрдоган: «Түрк кылымынын курулушу боюнча чечкиндүүлүгүбүзгө эч нерсе тоскоол боло албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Элазыгдагы жер титирөөгө чыдамдуу үйлөрдүн пайдубалын түптөө жана социалдык турак жайлардын ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1968517
Эрдоган: «Түрк кылымынын курулушу боюнча чечкиндүүлүгүбүзгө эч нерсе тоскоол боло албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Жер титирөө имараттарыбызды кыйратышы мүмкүн, жаныбыздан жан алып кетиши мүмкүн, бирок ишенимибизди эч нерсе жок кыла албайт, Түрк кылымынын курулушу боюнча чечкиндүүлүгүбүзгө тоскоол боло албайт»,-деди.

Эрдоган кечээ Элазыгдагы жер титирөөгө чыдамдуу үйлөрдүн пайдубалын түптөө жана социалдык турак жайлардын ачкыч тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө акыркы 20 жылда шаарга 79 миллиард лира инвестиция салынганына көңүл буруп: «Биз Элазыгды шаардык ооруканабыздан ортосу бөлүнгөн жолдорубузга, дамбалардан жаратылыш газына чейин бардык тармакта болуп көрбөгөндөй кызматтар менен өнүктүрүүдөбүз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Жер титирөө имараттарыбызды кыйратышы мүмкүн. Өмүрүбүздү алып кетиши мүмкүн. Экономикалык кыйынчылыктар жүгүбүздү көбөйтүшү мүмкүн. Бирок биздин ишенимибизди, чечкиндүүлүгүбүздү, үмүтүбүздү эч нерсе ала албайт жана Түрк кылымынын курулушу чечкиндүүлүгүбүзгө тоскоол боло албайт»,-деди.

​​Бүгүн Стамбулда Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бахты кабыл алган президент Эрдоган 15-июль Демократия жана Улуттук Эрк аянтында Багжылар массалык ачылыш аземине катышты.



Тектеш кабарлар