Президент Эрдоган : "Турак жайлардын курулушун баштадык"

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында кээ бир менчик телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1967267
Президент Эрдоган  : "Турак жайлардын курулушун баштадык"

Президент Режеп Таййип Эрдоган жер титирөө болгон аймактарда 27 миң 949 үйдүн курулушуна киришкендерин, ал тургай айыл үйлөрүнүн айрымдарынын бүткөрүлүп жаткандыгын билдирди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында кээ бир менчик телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

6-февралда эпицентри Кахраманмараш  болгон жер титирөөлөрдөн кийин жер титирөө аймагынын кайра куруу процессине киргендигин билдирген Эрдоган : «Элибиздин көңүлү тынч болсун, 20 жылда 1 миллион 180 миң коопсуз турак жайды жана 3,3 миллион шаарга айландыруу долбоорун ишке ашырган кызматкерлер иштеп жатышат. Жер титирөө болгон аймакта да жаңы турак жайлардын пайдубалын түптөдүк жана түптөөнү улантуудабыз»,- деди.

Президент Эрдоган жер титирөөдөн жабыркаган Адыяман, Кахраманмараш, Газиантеп, Хатай жана Малатияда жалпы 27 миң 949 турак жайдын курула баштагандыгын айтып : "Ал тургай айыл үйлөрүнүн айрымдары бүткөрүлгөнү калды.  Жай мезгилине чейин бүтүрөбүз. Биз бир  нерсеге "биз кылдык, аткардык" деген болсок биз муну аткарабыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар