Эрдоган менен Новак биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү
Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Венгриянын президенти Каталин Новак менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексинде жолукту.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Транс-Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП аркылуу Венгрияга жаратылыш газынын жеткирилишине байланыштуу Азербайжанга ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Венгриянын президенти Каталин Новак менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексинде жолукту.
Эрдоган менен Новак эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Венгриянын президентинин 6-февралдагы жер титирөө апаатынан кийин тилектештигин көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо үчүн Анкарага келгенин белгилеген Эрдоган, Венгрия өкмөтү менен дос венгер элине колдоо жана жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Новак менен өткөргөн жолугушууларында Түркия-Венгрия алакаларынын ар түрдүү аспектилерин талкуулагандарын айткан Эрдоган соода, аскер, экономика жана маданият жаатындагы карым- катнаштарды баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун кабарлады.
Жолугушууда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде Түркия-Венгрия мамилелерин бардык тармактарда дагы да бекемдөө боюнча орток эркти ырасташкандарын баса белгилеген Эрдоган, Венгриянын борбору Будапештте Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 6-жыйынын декабрда өткөрө тургандарын айтты.
Эрдоган Транс-Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАПтан Венгрияга жаратылыш газынын жеткирилишине байланыштуу Азербайжанга ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.