Президент Эрдоган Адыяманга барат

Жер титирөөлөрдөн зыян тарткан 11 облуста 46 миң 327 турак жайы жана айыл үйү үчүн келишимдерге кол коюлуп, курулуш иштери башталды.

1965601
Президент Эрдоган Адыяманга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы турак үйлөрдүн пайдубалын түптөө аземине катышуу үчүн бүгүн Адыяманга барат.

Жер титирөөлөрдөн зыян тарткан 11 облуста 46 миң 327 турак жай жана айыл үйү үчүн келишимдерге кол коюлуп, курулуш иштери башталды.

23-марттан тарта болсо президент Эрдоган катышкан азем менен 17 миң 902 турак жайдын пайдубалы түптөлдү.

Эрдоган бүгүн да Адыяманда жаңы турак жайлардын пайдубалын түптөө аземине катышат.

Президент пайдубал түптөө аземинен кийин чатыр шаарчага барат жана Адыямандагы жер титирөөдөн жабыркагандар менен ифтарда жолугушат.



Тектеш кабарлар