Стамбул аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн саны өстү

Стамбул жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунда быйылкы жылдын алгачкы 2 айында өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчү санында олуттуу өсүү байкалды.

1965172
Стамбул аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн саны өстү

Стамбулдагы аэропорттордон быйылкы жылдын январь-февраль айларында пайдаланган киши саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 4 миллион 825 миң 468ге көбөйүп, 15 миллион 972 миң 93кө жетти.

Стамбул жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторунда быйылкы жылдын алгачкы 2 айында өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчү санында олуттуу өсүү байкалды.

Стамбул аэропортун быйылкы жылдын алгачкы 2 айында 10 миллион 768 миң 64 жүргүнчү пайдаланган.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 7 миллион 44 миң 318 жүргүнчү колдонгон Стамбул аэропорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жүргүнчү санын 3 миллион 723 миң 746га көбөйттү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында «Сабиха Гөкчен» аэропортунан 5 миллион 204 миң 29 киши саякатка чыккан.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллион 102 миң 307 жүргүнчү колдонгон «Сабиха Гөкчен» аэропорту, быйылкы жылдын январь-февраль мезгилинде жүргүнчү санын ички каттамдарда 18 пайызга, эл аралык каттамдарда 36 пайызга өстүрдү.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 2 айында Стамбул аэропортторунан 15 миллион 972 миң 93 жүргүнчү саякатка чыкты.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 11 миллион 146 миң 625 киши саякаттаган Стамбулдагы аэропорттор быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде жүргүнчү санын 4 миллион 825 миң 468 кишиге көбөйттү.



Тектеш кабарлар