Түркия Косово менен Сербиянын ортосундагы макулдашууну кубаттайт

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

1961971
Түркия Косово менен Сербиянын ортосундагы макулдашууну кубаттайт

Түркия, Европа Биримдигинин (ЕБ) жол картасынын алкагында Косово менен Сербиянын ортосундагы карым-катнаштарды нормалдаштыруу келишиминин тиркемесин ишке ашыруу макулдашуусун да кубаттаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, алдыдагы мезгилде атараптар талган келишимдин жоболорун толук аткаруу менен конкреттүү натыйжаларга жетишет деген үмүт бар экени айтылды.

Билдирүүдө 27-февралда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Евробиримдиктин жол картасынын алкагында Косово менен Сербиянын ортосундагы карым-катнаштарды нормалдаштыруу келишиминен кийин эки өлкөнүн лидерлеринин 18-мартта Түндүк Македониянын Охрид шаарында келишимдин тиркемесин ишке ашыруу боюнча да макулдашкандары белгиленди.

Билдирүүдө: «Өлкөбүз өзгөчө электр энергиясын бөлүштүрүү маселеси менен бирге бул процесске салым кошууда. Президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) Сербиянын президенти (Александар) Вучич жана Косовонун премьер-министри (Альбин) Курти менен да өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Түркия катары Косово менен Сербиянын ортосундагы карым- катнаштардын нормалдашуусуна багытталган бардык демилгелерди колдоону улантабыз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар