Вице-президент Октай жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу маалымат берди
Вице-президент Фуат Октай Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) координациялык борборунда жер титирөөдөн кийин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
6-февралда болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 49 миң 589 кишиге жетти.
Вице-президент Фуат Октай Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) координациялык борборунда жер титирөөдөн кийин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
Фуат Октай: «Жер титирөө кырсыктарынан жалпысынан 49 миң 589 жараныбыздан ажырадык, анын 6 миң 807си чет элдик жарандар», - деп айтты.
Жер титирөө болгон аймакта чатыр жана контейнер орнотуулардын үзгүлтүксүз уланып жатканын белгилеген Октай, тигилген чатырларда 1 миллион 921 миң жаран, контейнерлерде жалпы 96 миң 444 жаран баш калкалап жатканын белгиледи.
Октай Адыяман жана Шанлыурфада болгон сел апаатына байланыштуу 18 жарандын каза болгонун, 3 жаранды издөө иштеринин уланып жатканын айтты.