Түркия Европа Парламентинин отчетуна каршылык көрсөттү

Танжу Билгич : «Тарыхый фактыларга жана эл аралык укуктун нормаларына туура келбеген бул көз караштардын биз үчүн эч кандай негизи жок",- деди.

1961592
Түркия Европа Парламентинин отчетуна каршылык көрсөттү

Анкара Европа Парламентинин «Европа Биримдиги -  Армения карым  - катнаштары» отчетунда 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу айтылгандардын тарыхый фактылар жана эл аралык мыйзамдын нормалары менен дал келбегендигин, Түркия үчүн жарактуу эмес экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич бул отчет тууралуу суроого берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Европа Парламентинин 2023 -жылдын 15- мартындагы «Европа Биримдиги-Армения карым-катнаштары» аттуу отчетунда өлкөбүз жана 1915-жылдагы окуялар тууралуу негизсиз айыптоолорго орун берүүнү талап кылганы көрүнүп турат»,- деди.

Билгич : «Тарыхый фактыларга жана эл аралык укуктун нормаларына туура келбеген бул көз караштардын биз үчүн эч кандай негизи жок, биз Европа Парламентин мындай бир тараптуу жана негизсиз дооматтарды кайталабай, саясий моралдык жана эл аралык укуктун негизинде иш алып барууга чакырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар