Президент Эрдоган менен Саули Ниинистё пресс - жыйын өткөрүштү
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Коопсуздук маселелеин чечүүдө сезимталдыкты эске алып Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколун парламентибизде бекитүү процессин баштоо чечимин чыгардык»,- деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Коопсуздук маселелеин чечүүдө сезимталдыкты эске алып Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколун парламентибизде бекитүү процессин баштоо чечимин чыгардык»,- деди.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү.
Эрдоган сөзүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык маселелерди сүйлөшкөндөрүн, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө Финляндиянын күчтүү колдоосуна маани беришкенин айтты.
Эрдоган : «Коопсуздук маселелерди чечүүдө сезимталдыкты эске алып Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколунун парламентибизде бекитүү процессин баштоого чечим чыгардык»,- деди.
Эрдоган Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу : «120 террористтин тизмесин бердик жана бизге берүүлөрүн айттык. Террорчуларды бизге бербесе Швецияга оң мамиле кылуубуз мүмкүн эмес»,- деди.
Эрдоган Швеция менен сүйлөшүүлөрдү альянстын принциптери жана Түркиянын террор менен күрөшүүдөгү мамилесинин негизинде уланта тургандарын, процесстин кандай уланаары Швециянын таштай турган кадамдарына байланыштуу экендигин айтты.
Финляндиянын президенти Ниинистё : «(НАТОго мүчөлүгү үчүн Түркиянын уруксат бериши) Бардык финляндиялыктар үчүн абдан маанилүү кабар. Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз",-деди.