Вице - президент Фуат Октай Өзбекстандын "Достук" ордени менен сыйланды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев вице-президент Фуат Октайга «Достук» орденин тапшырды.

1960681
Вице  - президент Фуат Октай Өзбекстандын "Достук" ордени менен сыйланды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев вице-президент Фуат Октайга «Достук» орденин тапшырды.

Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз саммитинин алдында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Мирзиёевдин президенттик комплекстеги жолугушуусунда вице-президент Октайга Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө кошкон салымынан улам ыйгарылуусуна былтыр сентябрда чечим кабыл алынган «Достук» ордени тапшырылды.

Октайга «Достук» орденинин ыйгарылышына байланыштуу Мирзиёев кол койгон жарлык да окулду. Жарлыкта : «Саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, илимий жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы, биздин элдерибиздин ортосундагы достук жана тилектештик байланыштарын чыңдоодогу аракеттеринен улам Түркиянын вице  - президенти Фуат Октай «Достук» ордени менен сыйлансын. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкет Мирзиёев»,- деп айтылды.

Андан кийин Мирзиёев Октайга президент Эрдогандын жана делегация мүчөлөрүнүн кол чабууларынын коштоосунда Өзбекстандын «Достук» орденин тапшырды.

Өзбекстандын президентине ыраазычылык билдирген Октай медалды алуудан сыймыктангандыгын айтты.



Тектеш кабарлар