Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезексиз саммити

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) кезексиз саммити президент Эрдогандын жетекчилигинде өттү.

1960954
Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезексиз саммити
erdogan.jpg
aliyev.jpg
mirziyoyev.jpg
berdimuhamedov.jpg
sadir caparov.jpg
tokayev.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин Түрк дүйнөсүнүн биринчилерден болуп жардамга келгенин айтты.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TМУ) кезексиз саммити президент Эрдогандын жетекчилигинде өттү.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте «Табигый кырсык-өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана гуманитардык жардам» темасы менен өтүп жаткан саммитке Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен байкоочу өлкөлөрдүн атынан Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов катышты.

Саммит өтө турган залда лидерлер президент Эрдоган менен кол алышып, үй-бүлөлүк сүрөткө түшүштү.

Саммит аянтында 16 түрк мамлекетинин туулары менен аскерлери да орун алды.

Саммиттин ачылышында лидерлерге кайрылган Эрдоган, жер титирөөлөрдөн кийин биринчилерден болуп жардамга шашкандардын арасында Түрк дүйнөсүнүн бар экенин айтты. Президент: «Сүйүктүү элибиз сиздердин колдооңуздарды эч качан унутпайт»,- деди.

Президент Эрдоган, ТМУнун соода жана экономикалык интеграцияны арттыруу үчүн маанилүү кадамдарды таштаганын баса белгилеп, бул кадамдардын башында Түрк инвестиция фондунун турганын айтты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Түркиянын аймакта гана эмес, бүткүл дүйнөдө көрүнүктүү өлкөгө айланганын, ошондой эле күч чордону экенин белгиледи.

Алиев Түркияга бүткүл дүйнөдө урмат-сый көрсөтүлгөнүн, Түркиянын аскердик күчү менен коргоо өнөр жайындагы ийгилигин дүйнөдөгү ар кимдин суктануу менен караганын айтты.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин Өзбекстан эли жана достору бул оор күндөрдө «Түркия сен мененбиз» деп түрк боордошторуна жардамга келишкенин билдирди.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да глобалдык блоктордун ортосундагы диалогдун түзүлүүсү үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жана Түрк мамлекеттеринин негизги ролду ойной турганын» баса белгиледи.

ТМУнун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев да президент Эрдогандын Баку саммитиндеги сөздөрүнө токтолуп: «Коркут Атадан бир сөздү айткан элеңиз; «Дос- жакшы күндө чакырылганда жаман күндө болсо чакырылбай келген адам» дегенсиз. Түрк мамлекеттери катары Түркияны жана боордош түрк элин жалгыз калтырган жокпуз»,-деди.

Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов да президент Эрдогандын дүйнөдө кадыр-барктуу саясий ишмер экенин белгилеп: «Президент Эрдоганды тынчтык тармагында Нобель сыйлыгына көрсөтөбүз»,-деп айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров болсо кыргыз элинин түрк эли менен тарыхый тыгыз байланышы уланып жатканын айтып: «Элдерибиздин жакындыгы, байланышы кылымдардан бери уланып келген жана мындан ары да улана берет. Биз ар дайым сиздер мененбиз»,- деди.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да (жер титирөө кырсыгында) түрк мамлекеттери биримдиктин жана ынтымактын эң сонун үлгүсүн көрсөттү. Уюмубуздун эл аралык деңгээлде татыктуу орунду ээлеши абдан маанилүү»,-деди.

Азербайжандын сунушу менен Түркияга тилектештик көрсөтүү иретинде өткөрүлгөн саммитте апааттар жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө карата темалар каралды.

Саммитте ошондой эле жалпы күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.



Тектеш кабарлар