Вице-президент Фуат Октай Филиппо Гранди жана Антонио Виторино менен жолугушту

Октай борбор шаар Анкарада президенттик комплексте болгон жолугушууда  эпицентри Кахраманмараш  болгон жер титирөөлөрдөн кийин жүргүзүлгөн урандыларды тазалоо иштерин бул айда бүтүрүүнү максат кылгандарын айтты.

1958104
Вице-президент Фуат Октай  Филиппо Гранди  жана Антонио Виторино менен жолугушту
oktay vitorino.jpg

Вице-президент Фуат Октай Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту.

Октай борбор шаар Анкарада президенттик комплексте болгон жолугушууда  эпицентри Кахраманмараш  болгон жер титирөөлөрдөн кийин жүргүзүлгөн урандыларды тазалоо иштерин бул айда бүтүрүүнү максат кылгандарын айтты.

Түркиянын көптөгөн жылдардан бери жалпы дүйнөдө жасаган гуманитардык жардамдарынын апааттан кийин өлкө тышынан келген жардамдар менен жообун алгандыгын белгилеген Октай жер титирөө болгон аймактагы урандыларды тазалоо иштери, чатыр жана контейнер шаарлардын курулушу менен шаарларды кайра куруу иштеринде 3 жуманын ичинде олуттуу жылыш болгондугун айтты. 

Гранди болсо Түркия менен тилектештик ичинде экендерин жана гуманитардык жардамдарга басым жасагандарын айтып, Түркиянын бул процессте 3 чек ара капкасын ачуусу менен чек ара тышына да жардам жеткире алгандарын белгиледи.

Фуат Октай президенттик комплексте Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино менен да жолугушту. Октай жолугушууда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдөн кийин жасалган иштер тууралуу маалымат бөлүштү.

Виторино болсо Түркиянын жер титирөө изилдөөлөрүн жана президент Режеп Таййип Эрдогандын бул багыттагы аракеттерин колдогондорун белгилеп, Түркиянын ушул убакка чейинки иш-аракеттеринин мактоого татырлык экенин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар