Режеп Таййип Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 -  феврлада Кахраманмарашта болгон жана 11 облусту таасири астына алган жер титирөөлөрдө 46 миң 104 адамдын каза болгондугун билдирди.

1955893
Режеп Таййип Эрдоган Кабинет жыйынынан кийин  маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 -  феврлада Кахраманмарашта болгон жана 11 облусту таасири астына алган жер титирөөлөрдө 46 миң 104 адамдын каза болгондугун билдирди.

Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийинки билдирүүсүндө республика тарыхында эң көп адам каза болгон, чоң кыйроолор болгон жер титирөөлөрдөн кийин элге көңүл айтты жана : «Жер титирөөдө каза болгон 46 миң 104 жараныбызга Аллахтын ырайымын, жакындарынаа сабыр тилеп, көңүл айтабыз»,- деди.

Жер титирөөнүн алгачкы учурунан тартып мамлекет жана улуттун бардык мүмкүнчүлүктөрүн аймакка мобилизациялагандарын белгилеген Эрдоган контейнер шаарларын кура баштагандарын, 2 айга чейин 100 миң контейнер орнотуу менен жер титирөөдөн жабыркаган жарым миллион адамды бул аймактарга алып келүүнү максат кылгандарын айтты.

Эрдоган жер титирөө болгон аймакта 405 миң турак жай жана 83 миң айыл үйлөрү болгон жалпы 488 миң жаңы турак жай куруп, жарандарга тапшырыларын белгиледи.

Президенттик жана парламенттик шайлоонун 14 -  майда болорун кайталаган Эрдоган шайлоо процессинде да күн тартибинин жер титирөө болорун айтты.

Эрдоган 10 - март жума күнү чыгарыла турган шайлоо чечимдердин Расмий гезитте жарыяланышы менен процессти башташа тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар