Сомалиден маанилүү жардам

Сомалинин премьер-министри Хамза Абди Барре Сомали элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Түркиядагы апааттан Сомали эли бириккенде баарын кыла аларын билдик»,-деди.

1955096
Сомалиден маанилүү жардам

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн башталган жардам кампаниясында Сомалиде болжол менен 4,8 миллион доллар чогултулду.

Сомалинин ички иштер министри Ахмед Муаллим Фики борбор шаар Могадишодо жасаган билдирүүсүндө, 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Сомалинин өкмөтү жана элинин салымы менен уюштурулган «Сомали-Түркия бир жүрөк» кампаниясында 4,8 миллион долларга жакын акча чогултулганын жарыялады.

Фики кампанияны 5 миллион доллар чогултуу максаты менен баштагандарын жана кайрымдуулуктарды кабыл алууну уланта тургандарын белгиледи.

Сомалинин премьер-министри Хамза Абди Барре Сомали элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Түркиядагы апааттан Сомали эли бириккенде баарын кыла аларын билдик»,-деди.

Өлкөдөгү көптөгөн ишкерлер, фонддор жана бирикмелер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам кампаниясын баштаган эле.



Тектеш кабарлар