Чавушоглу Дохада эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө...
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу акыркы жолугушуусун Катарда Гамбия жана Лаостун тышкы иштер министрлери менен өткөрдү.
Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун экономикасы начар өнүккөн өлкөлөрүнүн 5-конференциясына президент Режеп Таййип Эрдоганды өкүлдүк кылуу үчүн барган Катардын борбор шаары Дохада Гамбиянын тышкы иштер министри Мамаду Тангара жана Лаостун тышкы иштер министри Салеумхай Коммасит менен өз-өзүнчө жолугушту.
Чавушоглу жолугушууларга байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүшүп:«Биз Катарда Гамбиянын жана Лаостун тышкы иштер министрлери менен акыркы жолугушууларыбызды өткөрдүк, эки тараптуу мамилелерди талкууладык. Биз жер титирөөдөн кийин эки өлкөнүн тилектештигин баалайбыз»,-деди.
Ошондой эле тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун экономикасы начар өнүккөн өлкөлөрүнүн 5-конференциясына катышуу үчүн барган Катардын борбор шаары Дохада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77- Башкы ассамблеясынын төрагасы Чаба Кёрёши менен да жолугушкан.
Чавушоглу жолугушууга байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Дохада БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы менен президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигиндеги «Нөл таштанды» демилгесибизди жана глобалдык өнүгүүлөрдү талкууладык»,-деди.
Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Гил Пинто жана Судандын тышкы иштер министри Али Садык менен да өз-өзүнчө жолугушкан Чавушоглу: «БУУнун Эң аз өнүккөн өлкөлөр конференциясында Венесуэла жана Судандын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу карым-катнаштарыбызды талкууладык. Жер титирөөдөн кийин көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирдик»,-деп айтты.
Чавушоглу Дохадагы жолугушууларынын алкагында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш менен да жолугушту.