Түркиянын Вашингтон элчилигинде ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген баракча тапшырылды

Элчи Мержан : «Баарыңыздарга канчалык ыраазычылык билдирсек да аздык кылат. Сиздер болбосоңуздар бул мүмкүн эмес эле. Эмгегиңиздер абдан чоң»,- деди.

1954773
Түркиянын Вашингтон элчилигинде ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген баракча тапшырылды
hasan murat mercan washington deprem tesekkur.jpg
hasan murat mercan washington deprem tesekkur

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан 6 -  февралда эпицентри Кахраманмараш болгон, 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн жабыр тарткандар үчүн өткөрүлгөн жардам кампаниясына катышкан ыктыячыларга ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Мержан элчиликтин резиденциясында өткөрүлөн аземде жардам материалдарын иргеп, кутуларга жайгаштыруу  үчүн көптөгөн күндөр иштеген ыктыярчылады бир бирден трибунага чакырып ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Элчи Мержан : «Баарыңыздарга канчалык ыраазычылык билдирсек да аздык кылат. Сиздер болбосоңуздар бул мүмкүн эмес эле. Эмгегиңиздер абдан чоң»,- деди.

Мержан 250гө жакын ыктыярчы катышкан программада чогултулган жардам көлөмүнүн көпптүгүн белгилеп : «Мынчалык материалды сиздердин кошкон салымыңыздар менен чогулттук жана жибердик. Бир гана жарандарыбыз эле эмес, америкалык досторубуз да бизге жардам беришти»,- деди.

Бул тууралуу элчиликтен берилген маалыматта : «Элчилигибизге 2 -  мартка чейин АКШнын  түрдүү жерлеринен чатыр, жууркан, уйку баштыгы, дары  - дармек жана тамак  - аш сыяктуу жалпы 234 тонна жардам материалдары жиберилди. Жалпы АКШдан жалпы 2 миң 500 тонна жардамдын барышы күтүлүүдө»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар