Синжарда ПККнын жооптуусуна карата операция жүргүзүлдү

Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндөгү Синжарда жүргүзгөн операциясында ПКК/КЖК террордук уюмунун Синжар аскердик жооптуусу Саад Али Бедел таасирсиз абалга келтирилди.

1954458
Синжарда ПККнын жооптуусуна карата операция жүргүзүлдү

Улуттук Чалгындоо Уюмунун Ирактын түндүгүндөгү Синжарда жүргүзгөн операциясында ПКК/КЖК террордук уюмунун Синжар аскердик жооптуусу Саад Али Бедел таасирсиз абалга келтирилди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Түрк куралдуу күчтөрүнүн базаларына каршы кол салууларга жеке өзү катышканы аныкталган жана уюм тарабынан уюштурулган кыймылдардын лидери болгон, кайманы аты Чеко Пир аттуу террорист Али Бедел изилдөөгө алынды. Беделдин Синжардагы кыймылдарын көзөмөлдөө үчүн атайын топту милдеттендирген Улуттук Чалгындоо Уюму   террористтин езидилер менен чогуу жашаганын аныктады.

Террорист Саад Али Беделдин түрк куралдуу күчтөрүнүн Мусулдагы Башика база аймагына карата жаңы бир кыймыл пландагандыгы тууралуу  кабары боюнча аракетке өтүлдү. Беделдин Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан Синжарда жүргүзүлгөн операция менен жок кылынгандыгы билдирилип, террорист  калкан катары колдонгон жарандык калкка зыян келтирбөө үчүн жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик көрсөтүлдү.

ПКК/КЖК – ЙБШ Синжар аскердик жооптуусу катары иш алып барган Беделдин Улуттук Чалгындоо Уюмуна каршы жүргүзгөн иштери жана түрк куралдуу күчтөрүнүн Башика/ Геду базасына карата кол салууларды башкарган террорист экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар