Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөлөөлөрдө каза болгондордун саны 45 миң 89 кишиге жетти

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин дагы 11 миң 20 силкинүү болду.

1953093
Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөлөөлөрдө каза болгондордун саны 45 миң 89 кишиге жетти

6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө 45 миң 89 киши каза болду.

Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин дагы 11 миң 20 силкинүү болду.

Кахраманмараш, Газиантеп, Шанлыурфа, Диярбакыр, Адана, Адыяман, Османие, Хатай, Килис, Малатья жана Элазыгда 45 миң 89 киши каза болду.

Учурда AFAD, Полициялык издөө-куткаруу (PAK), Жандармериянын десанттык издөө-куткаруу батальонунун командирлиги (JAK), Жандармериянын десанттык атайын коомдук коопсуздук командачылыгы (JÖAK), Жээк коопсуздугу, Табигый кырсыктарды издөө жана куткаруу батальону (DAK), бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жана эл аралык издөө-куткаруу кызматкерлеринен турган 6 миң 368 издөө-куткаруу кызматкерлери кызмат кылып жатышат.

Мындан тышкары жер титирөө болгон аймактарда AFAD, полиция, жандармерия, Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE), тез жардам, жергиликтүү коопсуздук, жергиликтүү колдоо топтору, ыктыярчылар жана талаа кызматкерлеринен 234 миң 636 киши бар.

Кырсык болгон аймакта негизинен экскаваторлор, эвакуаторлор, крандар, дозерлор, жүк ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар, чиркегичтер, грейдерлер, вакуумдук унаалар жана ушул сыяктуу курулуш техникалары менен жалпы 18 миң 40 техника кызматын улантууда.

Аймакка кызматкер жана материал ташуу үчүн курулган аба көпүрөсү менен Аба күчтөрүнө, Кургактык күчтөрүнө, Деңиз күчтөрүнө, Жээк коопсуздук командирлигине, Жандармерия башкы командирлигине, Коопсуздук башкы башкармалыгына, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Токой чарбасы башкы директорлугуна караштуу 116 тик учак жана 76 учак менен бүгүнкү күнгө чейин 13 миң 999 катам жасалды.

Ошол эле учурда Улуттук коргоо министрлиги жана Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан аймакка 38 кеме дайындалды.

Жер титирөөдөн катуу зыянга учураган аймактарга министрликтер, тиешелүү мекеме-уюмдар, ар кайсы өлкөлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан жөнөтүлгөн 358 миң 37 чатырдын курулушу аяктады.

11 облус жана 332 пунктта контейнер шаарлары түзүлсө, 10 облус жана 162 пунктта контейнер шаарларын орнотуу уланууда.



Тектеш кабарлар