Мурат Курум ДБтын Түркия директору жана ЕБнин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Газиантеп уюшкан өнөр жай аймагында Министрликтин координациялык борборунда Дүйнөлүк банктын Түркия директору Лопес жана Европа Биримдигинин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мейер-Ландрут менен жолугушту.

1953518
Мурат Курум ДБтын Түркия директору жана ЕБнин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту
Murat Kurum-Humberto Lopez.jpg
Murat Kurum-Nikolaus Meyer-Landrut.jpg

Айлана-чөйрө, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум, Дүйнөлүк банктын (ДБ) Түркия директору Хумберто Лопес жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут менен өзүнчө жолугушту.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Газиантептеги уюшкан өнөр жай аймагында (OIZ) түзүлгөн Министрликтин координациялык борборунда Дүйнөлүк банктын Түркия директору Лопес жана Европа Биримдигинин Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мейер-Ландрут менен жолугушту.

Жолугушууларда 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана 11 облуста болжол менен 14 миллион жаран жабыр тарткан «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөдөн кийин өкмөттүн аракеттерине басым жасалып, колдоо билдирүүлөрү берилди.

Лопести кабыл алууда жер титирөө болгон аймакта аткарылган иштерди билдирген Курум учурда келтирилген зыянды аныктоону 85 пайызга жеткиргендерин айтты.

Мейер-Ландрутту кабыл алууда Курум жер титирөө болгон аймактагы иштерди жана акыркы абалды билдирди.

Элчи Мейер-Ландрут «тезирээк калыбына келүүнү» каалап, Европа Биримдигинин демилгеси менен 16-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркияга колдоо көрсөтүү боюнча конференция өткөрүлөрүн билдирди.

Конференцияда Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан Түркияга бериле турган жардамдын жарыялана турганын белгилеген Мейер-Ландрут, «кылымдын апаатына» туш болгон Түркияга «Биз силер мененбиз» деген билдирүүсүн айтты.



Тектеш кабарлар