Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Түркияга медициналык жардам берди

МАГАТЭнин билдирүүсүндө кыйратуучу жер титирөөдөн улам Түркияга биринчи тез жардам пакетинин жиберилгени билдирилди.

1953137
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Түркияга медициналык жардам берди

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн улам Түркияга түрдүү мобилдик медициналык жабдуулар менен бирге рентген жабдыктары боюнча жардам берди.

МАГАТЭнин билдирүүсүндө кыйратуучу жер титирөөдөн улам Түркияга биринчи тез жардам пакетинин жиберилгени билдирилди.

Маалыматта жер титирөөдөн кийин көп сандаган мүчө өлкөнүн анын ичинен өзгөчө АКШ менен Япониянын бул тууралуу агенттикке колдоо бергендиги белгиленди.

Биринчи тез  жардам пакетинде көчмө жана мобилдик рентген аппараттарынын бар экендиги билдирилген маалыматта бул медициналык каражаттардын жер титирөөдөн жабыркаган аппараттардын ордуна колдонулары маалымдалды.

Маалыматта зыянга учураган үйлөрдү аныктоо үчүн колдонулган аппараттардын да аймакка жеткирилиши пландалганы билдирилип, МАГАТЭнин директору Рафаэль Мариано Гроссинин да билдирүүлөрүнө орун берилди.

Гросси Твиттердеги билдирүүсүндө агенттиктин тез жардам пакетинин Түркияга жеткенин белгилеп, жардамды ташыган Түрк аба жолдорунун жүк ташуучу учагынын сүрөттөрүн бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар