Жер титирөөлөрдөн улам Түркияга көңүл айтуу жана тилектештик сапарлары уланууда
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар жана премьер - министри Үнал Үстел менен жолугушту.
1951496
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар жана премьер - министри Үнал Үстел менен жолугушту.
6 - февралда Кахраманмарашта болгон жана 11 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам Түркияга көңүл айтуу жана тилектештик сапарлары уланууда.
Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар менен премьер-министри Үнал Үстелди Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кабыл алды.
Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.
Президент Эрдоган бүгүн Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен да жолугушту.